• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө өспүрүм кызды зордуктагандардын жазасы күчөтүлүп, аларды актаган судья жоопко тартылат

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Тоң райондук прокуратурасы райондук соттун чечимине даттанып, 13 жаштагы кызды зордуктагандарга катаал жаза колдонууга жетишти. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 29-мартында Ысык-Көл облустук соту Тоң районунун прокурорунун сунушун канааттандырып, эки айыпталуучуну КР Жазык кодексинин 161-беренеси (зордуктоо) боюнча күнөөлүү деп таап 15 жылга эркинен ажыратуу боюнча чечим чыгарды. Ал эми Тоң райондук соту тарабынан 7 жыл 6 айга кесилген үчүнчү айыпталуучуну облустук сот 20 жылга эркинен ажыратууга өзгөрттү.

2020-жылдын 30-декабрында Ысык-Көл облустук прокуратурасы аталган жазык ишке айыпталып жаткан эки жаранды актаган Тоң райондук сотунун судьясын жоопкерчиликке тартуу үчүн КР Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына сунуш берген (азыркы учурда кароо стадиясында турат).

Эскерте кетсек, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кара-Шаар айылында орун алган 2005-жылы туулган өспүрүм кызды зордуктоо фактысы боюнча тергөө органдары Жазык кодексинин 161-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш ишин козгошкон. Аталган ишке шектүү катары айылдын үч тургуну (экөөсү 28, бири 41 жашта) кармалган.

Тергөө иштеринин жыйынтыгында жазык иши негизинен кароо үчүн Тоң райондук сотуна жөнөтүлгөн. Мамлекеттик айыптоочу эки айыпталуучунун ар бирин 15 жылдык мөөнөткө, үчүнчү айыпталуучуга карата 20 жылдык мөөнөткө эркинен ажыратуу түрүндө жазалоону суранган.

Сот отурумунун жыйынтыгында 2020-жылдын декабрь айында Тоң райондук соту айыпталуучулардын экөөсүн актап, сот залынан бошоткон. Ал эми үчүнчү айыпталуучуга карата 7 жыл 6 айга эркинен ажыратуу жөнүндө өкүм чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий