• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ысык-Көлдө өспүрүмдү коюп кеткен айдоочунун ким экендиги такталууда

Кырсык 0

Бишкек, 05.02.19. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында "Фольксваген" үлгүсүндөгү унаа өспүрүмдү коюп кеткен. Кырсык 4-февралда болжол менен саат 12:01де катталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, жерине куткаруучулар барып, өспүрүмгө биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Кырсыктан жабыркаган бала райондук ооруканага жаткырылган.

“Кабар” агенттигине облустук милициядан кабарлашкандай, учурда кырсык болгон кезде рулда ким болгондугу такталууда. “Унаанын ичинде бир нече адам болгондуктан алар айыпты бири-бирине коюп жатышат. Кошумча маалымат кийинчерээк берилет”, - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий