• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдө өспүрүмдүн телефону жарылып, оор абалда ооруканага түшкөн

Кырсык 0

Бишкек, 26.11.18. /Кабар/. Ысык-Көлдө 14 жаштагы өспүрүмдүн телефону жарылып, оор абалда ооруканага жаткырылган. Баланын абалы жана саламаттыгы тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабар беришти.

Маалыматка ылайык, окуя 24-ноябрда болгон. Баланын чөнтөгүндөгү уюлдук телефону жарылып кетип, түнкү саат 23:45тер чамасында ар кандай жаракат менен ооруканага жеткирилген. Денесинен 30% күйүк алган.

Оорукананын директору Ж.Сукаеванын айтуусунда, бүгүнкү күндө баланын абалы туруктуу оор деп бааланууда. Учурда бала дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий