• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө спорттук журналисттердин жарышы өтөт

Спорт 0

Бишкек, 10.06.19. /Кабар/. Чок-Тал айылында (Ысык-Көл) 30-июндан 3-июлга чейин Кыргызстандын спорттук журналисттери арасында жарыштар өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Бул жарыш Жаштар иштери агенттиги тарабынан өткөрүлүп келет. Быйыл аталган иш-чара бешинчи ирет өтөт.

Журналисттер кичи футбол, эстафета, тогуз коргоол, жалпы спорттун беш түрү боюнча жарышка түшүшөт.

Жарышка 50гө жакын республикалык жана аймактык спорттук журналисттер катышат.

Пикир

Оставить комментарий