• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө суучулдар адамдарды атайылап чөктүрөбү? – ӨКМдин жообу

Коом 0

Бишкек, 13.06.19. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көлдө суучулдар адамдарды атайылап чөктүрөт деген маалыматтын жалган экендигин билдирди.

ӨКМден кабарлашкандай, социалдык тармактарда акыркы 2 айдын ичинде эле Ысык-Көлдө 300 адам чөгүп кетти деген жалган маалыматтар тарап жатат. Анда: "Бостери айылында сууда жүргөн элдерди суунун астынан тартып, өлүктү издеп жалдаганга саатына көп суммадагы акча алышат", - деп жазылат.

Ведомстводон бул маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын билдиришти. 2019-жылдын башынан бери республика боюнча жалпысынан 33 адам чөгүп кеткен, алардын ичинен 4 адам - Ысык-Көл облусунда. 2018-жылы 150 адам чөккөн, анын ичинен 29 адам - Ысык-Көл облусунда.

"ӨКМдин суучулдары издөө иштери үчүн эч кандай акча каражатын албайт. Жарандардан мындай жалган маалыматтарды бири-бирине жөнөтүп, таратпоону суранабыз", - деп билдиришти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.

Пикир

Оставить комментарий