• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен 4 жашар кызды издөөгө 56 куткаруучу тартылды

Кырсык 0

Бишкек, 06.08.22./Кабар/. Бүгүн, 6-августта Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен 4 жашар кызды издөөгө 56 адам тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, издөө иштерине ӨКМдин суучулдар кызматынан 10 суучул, Ысык-Көл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу, Балыкчы шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу, Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу, Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу, Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу жана Тоң райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу, Түп районунун аймагында издөө иштерин жүргүзүүгө Түп райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 6 куткаруучу, көл жээгинде издөө иштерин жүргүзүүгө Ысык-Көл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 15 куткаруучу, Каракол шарында жайгашкан "Кой-Сары" аскер базасынан 8 киши , жалпы 56 куткаруучу тартылды.

Белгиленгендей, үстүбүздөгү жылдын 18-июлунда саат 15:00 чамасында Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кичине кыз көлгө чөгүп кеткен.

Издөө иштери тууралуу кошумча ошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий