• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен жактоочу Александр Стручалиндин денеси табылбай жатат

Коом 0

Бишкек, 26.07.18. /Кабар/. Ысык-Көлдөгү “Натали” пансионатында 23-июлда жактоочу Александр Стручалин сууга чөгүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, куткаруучулар азыркыга чейин анын денесин издешүүдө.

“Күн сайын 4 куткаруучу издөө иштерин жүргүзүп жатат. Кечээ, 25-июлда караңгы киргенине байланыштуу издөө саат 20:40та токтотулган. Бүгүн кайра уланат”, - деп билдиришти ведомстводон.

Белгилей кетсек, Александр Стручалин Кыргызстан жана Бишкек епархиясында юрист болуп иштеген. Каракол шаарынын ишкерлер бирикмесинин төрагасы, “Ишкерлердин укугун коргоо” коомдук бирикмесинин башчысы болгон. 2016-жылы вице-премьер-министрлердин биринин кеңешчиси болуп иштеген. Анын артында 3 баласы калды.

Пикир

Оставить комментарий