• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө ТүркПАнын пленардык жыйыны башталды

ТҮРК КЕҢЕШИ 0

Чолпон-Ата, 24.06.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйыны жана XI пленардык отуруму башталды.

ТүркПАнын пленардык жыйынынын ишине ТүркПАга кирген өлкөлөрдүн - Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Венгриянын парламенттик делегациялары катышууда.

Тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулап, 2023-2028-жылдарга карата ТүркПАнын стратегиялык жол картасын бекитишет. Ошондой эле социалдык ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган бир катар моделдик мыйзамдардын долбоорлору каралат. ТүркПАга төрагалык кылуу милдети Казакстандан Кыргызстанга өтүп, отурумдардын жыйынтыгында Чолпон-Ата декларациясы кабыл алынат.

Жыйындын жыйынтыгы менен Чолпон-Ата декларациясы кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий