• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө “Тескей Жээк” фестивалынын жүрүшүндө бүркүт кызга кол салды

Кырсык 0

Бишкек, 16.07.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Тоң айылында “Тескей Жээк” фестивалынын жүрүшүндө бүркүт 10 жаштагы кызга кол салган.

Аймактык ооруканадан кабарлашкандай, 2008-жылкы К.А., аттуу кыз аларга 15-июлга саат 12:15де келип түшкөн.

“Нөөмөттө турган дарыгерлер жараны таңып беришкен. Кыздын баш бөлүгү жана көкүрөк клеткалары жабыркаган. Бүгүн кайрадан жаратын таңдырууга келди, абалы канааттандырарлык”, -деп билдиришти ооруканадан.

Белгилей кетсек, маданий иш-чара этно маданий туризмди өнүктүрүү жана көчмөн элдин каада-салтын кайрадан жандантуу максатында өткөрүлүүдө.

Этофестивалдын программасында ат оюндары, тыйын эңмей, кыз куумай, Салбуурун, жаа атуу, көк-бөрү курамаларынын мелдеши жана кол өнөрчүлөрдүн эмгектеринин көргөзмөсү бар.

Пикир

Оставить комментарий