• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдө тиешелүү жетекчилер жайлоодогу малчылардын абалынан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө тиешелүү жетекчилер жайлоодогу малчылардын абалынан кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, облус башчысынын орун басары Уланбек Далиев, облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысы Замир Жумагазиев, Ак-Суу районунун акими Акылбек Түкебаев жана Түп районунун акими Бахтияр Акимбаев Шахты-Жыргалаң жана Каркыра жайлоосунда болуп, малчылардын абалы, тоюттарды уюштуруу иштеринен кабар алышты.

Белгилей кетсек, жакынкы күндөрү өлкө аймагынын тоолуу райондорунда жааган кар жайлоодогу малчыларга кыйынчылыктарды жараткан.

Пикир

Оставить комментарий