• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ысык-Көлдө өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 14,1 пайызга азайган

Аймак 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/. Ысык-Көлдө өткөн жылга салыштырмалуу ​ өрттүн саны​ 14,1​ ​ пайызга азайган. Бул тууралуу КР ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча​ ​ башкармалыгынын​ башчысы Замирбек Жумагазиев билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 6 ай ичинде Ысык-Көл облусу боюнча 121 өрт кырсыгы катталып​ (2019-жылы 141) өткөн жылга салыштырмалуу 14,1пайызга азайган. Өрттөн болгон материалдык чыгымдар 6 миллиондон ашуун сомду түздү ​ ​​(2019-жылы 7 млн сомдон ашык), өрттөн 1 адам каза таап ( 2019-жылы 2 адам), өрттөн ​ ​ адам жабыркаган жок. Ал эми тилсиз жоодон 2 адамдын өмүрү ( 2019-жылы 2 адамдын өмүрү) жана 63 млн сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган ( 2019-жылы 56 ​ млн сом).

Өрттөрдүн негизги себептери:

-отко этиятсыздык менен мамил кылуу- 21 ​ өрт катталып, 17,4 ​ пайызды түзгөн.

-электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан - 32 өрт (26,4%)

-мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда - 8 өрт, ​ (6,6 %)

-балдардын от менен ойноосунан- 4 өрт (3,3%).

​ Өрттүн жалпы санынан ​ 29,8 ​%ы ​ турак жай секторунда болгон.

Болуп өткөн өрттөрдүн саны Ысык-Көл облусунун район, шаарлары боюнча төмөндөгүчө бөлүнөт:

-Каракол шаары -38;

-Балыкчи ​ шаары -14;

-Ак-Суу району -11;

-Жети-Өгүз району -17;

-Ысык-Көл району -19;

-Тоң району -8;

-Түп району -14 жана 1 адам каза болгон.

Урматтуу жарандар, өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн төмөнкү өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:

• бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;
• күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчаларда сактабагыла;
• балдарды кароосуз калтырбагыла;
• күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;
• электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.
• тамекинин калдыктарын жана ширенкелерди таштабагыла;

“Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн пункттарын сактагыла, муну менен сиз өзүңүздүн турак-жайыңызды, мүлкүңүздү сактоо менен өрт учурунда адамдардын жаракат алуусунун жана каза болуусунун алдын аласыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий