• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө өткөн жылы жол кырсыктарынан 134 адам көз жумду

Кырсык 0

Бишкек, 17.01.22. /Кабар/. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн 2021-жылдын 12 айында аткарган иштери боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарада алдыда жол-транспорт кырсыктарын кыскартууга багытталган иштерди аткара турган тапшырмалар коюлду.

“2021-жылы облус аймагында жалпы 474 жол кырсыгы катталган, бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу 21,8 пайызга көптүк кылат. Анын кесепетинен 134 жаран каза болуп, 840 жаран денесинен ар кандай оор жаракаттарды алышкан”, - деп айтылат маалыматта.

Жол кырсыктарынын алдын алууда өз милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарбастан, кемчиликтерге жол бергендиги үчүн Ак-Суу райондук милициянын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жетекчисине, Түп райондук милициянын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жетекчисине сөгүш, Балыкчы шаардык милициянын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жетекчисине катуу сөгүш жарыяланды.

Ал эми калган бөлүм жетекчилерине эскертүүлөр берилди.

Пикир

Оставить комментарий