• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдө тоо-кен концентратын мыйзамсыз жол менен экспорттоого бөгөт коюлду

Укук тартиби 0


Бишкек, 30.10.21. /Кабар/. Тоо-кен концентратын контрабандалык жол менен экспорттоо токтолду, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК тоо-кен тармагындагы мыйзамсыз иштерди аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ишинин алкагында, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Сырт зонасында жайгашкан кайра иштетүүчү заводдон калай, вольфрам, алтын, күмүш жана башка химиялык элементтерди камтыган концентратты мыйзамсыз алып чыгуу фактысын аныктады.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 211-беренесинин 2-бөлүгү (Мыйзамсыз ишкердик же банктык иш) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган, үстүбүздөгү жылдын 29-октябрында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда УКМК кызматкерлери тарабынан жалпы салмагы 50 тоннадан ашкан, капка салынган химиялык элементтердин концентраты менен 3 оор жүк ташуучу унаа кармалды.

Автотранспорт каражаттарын кароодо ташылган жүктүн товардык-транспорттук документтеринин реквизиттеринде полиграфиялык жабдууларда өндүрүш түрүндөгү жасалмалуулуктун белгилери аныкталган.

Буга байланыштуу унаалар КР УКМКнын Ысык-Көл облусуна караштуу аймагына киргизилди.

Учурда концентраттарды мыйзамсыз алып чыгууну уюштурууга тиешеси бар адамдарды аныктоо, мамлекеттин кызыкчылыгына келтирилген зыянды, кендерди иштетүү боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүнүн мыйзамдуулугун аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий