• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ысык-Көлдө тоо лыжа спорту боюнча өлкөнүн чемпионаты өттү

Спорт 0

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө тоо лыжа спорту боюнча өлкөнүн чемпионаты өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, жарыш 4-6-март күндөрү "Каракол" лыжа базасында өттү.

Аталган чемпионатка Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарынан, ошондой эле Бишкек шаарынан келген 50дөн ашуун спортчу катышты.

Чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Тоо лыжа спорту федерациясы тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий