• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө триатлон боюнча Азия Кубогу жана Борбордук Азия биринчилиги өтөт

Спорт 0

Бишкек, 11.06.19. /Кабар/. Ушул айдын аягында, 29-30-июнь күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы «Каприз» эс алуу борборунда (Ысык-Көл облусу) триатлон боюнча Азия Кубогу жана Борбордук Азия биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

"Бул жылы жарышка 300дөн ашык кесипкөй спортчулар жана спорт сүйүүчүлөрү катышары белгиленүүдө. Кыргызстандан тышкары, Казакстан, Украина, Өзбекстан, Монголия, Гонконг, Сирия, Япония, Тайвань жана Катар мелдешке катыша турганын билдиришкен. Борбор Азия биринчилигинин алкагында алгач ирет U15 (15 жашка чейин) категориясында 2004, 2005 жана 2006-жылы туулган балдар жана кыздар таймашат", - деп билдирет агенттик.

Бул жылы спортчулар курагына жана деңгээлине жараша төмөндөгү аралыктарда мелдешишет:

- Super Sprint (Супер спринт): 0,3 км (сүзүү), 8 км (велосипед) и 2 км (чуркоо);

- Sprint (Спринт): 0,75 км (сүзүү), 20 км (велосипед) и 5 км (чуркоо);

- Standard (Стандарт): 1,5 км (сүзүү), 40 км (велосипед) и 10 км (чуркоо).

Кесипкөй спортчулар үчүн мелдештин байге фонду 10 000$ (700 000 сом) түзөт. Ал эми спорт сүйүүчүлөр категориясы үчүн өнөктөштөрдөн жана иш-чаранын демөөрчүлөрүнөн байгелер жана белектер каралган.

Белгилей кетсек, 2019 Cholpon-Ata Asian Cup and Central Asian Championship (Азия Кубогу жана Борбор Азия биринчилиги) – бул кесипкөй спортчуларды, ошондой эле активдүү эс алууну жана сергек жашоо образын сүйүүчүлөрдү топтой турган мелдеш. Мелдешти өткөрүүнүн негизги максаты Кыргызстанда триатлонду, ошондой эле активдүү жашоо образын жана спортту пропагандалоо болуп саналат.

Иш-чаранын уюштуруучулары: Кыргыз Республикасынын триатлон федерациясы, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик, Nomad Sport компаниясы.

Биринчи жолу эл аралык деңгээлдеги триатлон боюнча мелдеш өткөн жылы Ысык-Көлдө уюштурулган. Ал Кыргызстан 2016-жылдан тартып толук укуктуу мүчөсү болгон ITU (International Triathlon Union – Эл аралык Триатлон Союзу) эрежелери боюнча өткөрүлгөн өлкөдөгү биринчи эл аралык старт болуп калган.

Пикир

Оставить комментарий