• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө турак үйдө газ баллону жарылды

Кырсык 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө турак үйдө газ баллону жарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунун Кош-Көл айылында жайгашкан турак үйдөн газ баллону жарылып, өрт чыккан.

Жерине өрт өчүрүүчү бир бөлүм тартылып, өрт саат 10:47де чектөөгө алынып, саат 11:00дө толугу менен өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок.

Жалпысынан 5 чарчы метр ашкана күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда.

Пикир

Оставить комментарий