• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду

Коом 0

Бишкек, 17.02.23. /Кабар/. Ысык-Көл районунун Ананьево айылында турак үй өрттөнүп, үй ээси каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ананьево айылындагы Таабалдиев көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн ичиндеги үй эмеректери күйгөн.

Куткаруучулар үйдүн ичинен 1958-жылы туулган эркек кишинин сөөгүн таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Учурда тилсиз жоонун себеби такталып жаткандыгы айтылды.

Эскерте кетсек, акыркы суткада өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 бөлүм тартылган.

Пикир

Оставить комментарий