• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ысык-Көлдө туристтик мезгилде 5 миңден ашуун милиция кызматкери коопсуздукту сактайт

Аймак 0

Бишкек, 03.06.22. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы ипподромда КР ички иштер органдарынын бөлүктөрүнө жана Ысык-Көл облусунун ИИБнүн кызматкерлерине гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин орун басары Октябрь Урманбетов, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов жана Ысык-Көл ОИИБнын начальниги К. Жумагазиев катышты.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков гарнизондук саптык кароону өткөрүү учурунда анын негизги максаты – 2022-жайкы туристтик мезгилде коомдук тартипти камсыздоо, кылмыштуулукка бөгөт коюу жана алдын алуу, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо экенин белгиледи.

“Бул максатты ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн гарнизондук бөлүштүрүүнү өлкөбүздүн негизги туристтик аймагы болгон Ысык-Көл облусунан баштадык. Бүгүндөн баштап, бардык ички иштер органдары жайкы туристтик мезгилге байланыштуу күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөрүлдү. Жалпысынан коомдук тартипти жана жол коопсуздугун 5 миңден ашык кызматкер күнү-түнү камсыздайт. Коомдук жайларга, эл көп чогулган аймактарга, жол кырсыктары мүмкүн болгон кооптуу трассаларга, кылмыштын бетин ыкчам ачууга карата мерчемдүү жерлерге 2 миңден ашуун видео-камера коюлуп, мониторинг борборлору күнү-түнү көзөмөлдөө иштерин алып барууда. Жогоруда аталган учурлардан тышкары, дагы башка бир катар заманбап санариптик талаптарга жооп берген жагымдуу шарттар түзүлдү. Республиканын алыскы туристтик аймактарында калкка жана чет элдик жарандарга (туристтерге) сапаттуу кызмат көрсөтүү максатында милициянын 57 көчмө кабылдамасы тартылат", - деди ал.

Жайкы туристтик мезгил учурунда укук тартибин жана жарандардын коопсуздугун сактоого катышкан күч-каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана алардын ишмердигин координациялоо максатында Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнүн базасында убактылуу ыкчам штаб түзүлүп, иш-чараларды жүргүзүүдө.

Жогорудагынын негизинде коомдук коопсуздукту жана тартипти сактоо, кылмыштылуукту болтурбоо жана алдын алуу, эс алуучулардан келип түшкөн арыздарды мыйзам чегинде так жана ыкчам чечип берүү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жол кырсыктарын болтурбоо багытында иш алып баруу, ыктыярдуу элдик кошуундар менен иштешүү, чет өлкөлүк туристтерге квалификациалуу жардам көрсөтүү боюнча талаптар коюлду.

Пикир

Оставить комментарий