• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө туристтик милиция алгачкы чет элдик туристтерди кабыл алууда

Аймак 0

Бишкек, 12.05.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда туристтик милициянын кызматкерлери алгачкы чет элдик туристтерди кабыл алууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын башчысынын орун басары Акылбек Бекишев билдирди.

Анын айтымында, учурда облустун аймагына биринчи чет элдик туристтер келе башташты. Негизинен алар тоо туризмине басым кылгандыктан, аталган кызмат алардын коопсуздугун камсыз кылууда, бардык жардамдарын көрсөтмөкчү, башкача айтканда, өздүк коопсуздугунан баштап, аймакта багыт көрсөтүүгө чейин.

"Андан тышкары, тоолу туристтик багыттарда туристтик-экологиялык милициянын убактылуу таяныч пункттары уюштурулмакчы. Тоолу аймактарда болсо, атайын иштелип чыккан маршруттар боюнча туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери кызматтык жол тандабас автоунаалары менен күзөт иштерин жүргүзүп турмакчы. Туристтик милиция кызматкерлерине коюлган негизги талаптар, бул туристтердин милицияга болгон ишеним деңгээлин жогорулатуу болуп эсептелинет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий