• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө туристтик милиция туристтердин жоголгон баласын таап беришти

Коом 0

Бишкек, 16.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Ысык-Көлдө туристтик милиция кызматкерлери Казакстандан келген туристтердин жоголгон баласын таап беришти. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициядан билдиришти.

Кечээ, 15-июль күнү Бостеридеги пансионаттардын биринде болжол менен саат 15:00дө Казакстандан келген туристтер туристтик милиция кызматкерине кайрылып, 5 жаштагы Т.З. аттуу баласы жоголуп кеткенин айткан.

Милиция кызматкерлери баланы бир саат ичинде жоголгон жеринен 2 чакырым алыстыкта турган башка пансионаттын аймагында табышкан. Алар баланы ата-энесине тапшырып беришкен.

Пикир

Оставить комментарий