• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ысык-Көлдө туристтик милициянын кызматкерлери жоголгон баланы таап беришти

Коом 0

Бишкек, 15.07.19. /Кабар/. Ысык-Көлдө туристтик милициянын кызматкерлери жоголгон баланы таап беришти. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициядан билдиришти.

Кечээ, 14-июль күнү жарандар Ысык-Көлдө коноктордун жана туристтердин коопсуздугун карап иш менен жүргөн Бишкектин туристтик милиция кызматкерлерине кайрылып, Чолпон-Атанын борборунда жоголуп кеткен 4 жаштагы К.А. аттуу баланы табууга жардамдашууну суранышкан.

Дароо издөө иштерине киришкен милиция кызматкерлери баланы бир саат ичинде таап, ата-энесине тапшырып беришкен.

Учурда Бишкектин туристтик милиция кызматкерлери Ысык-Көлдө коноктордун жана туристтердин коопсуздугун кароодо.

Пикир

Оставить комментарий