• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө туристтик милициянын кызматкерлерине наамдар ыйгарылды

Коом 0

Бишкек, 16.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 16-ноябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгында туристтик милициянын кызматкерлерине наамдар ыйгарылды.

Башкармалыктан билдиришкендей, Ысык-Көл ОИИБдин жетекчиси Улан Асанбаев көпчүлүк учурда туристтер башка мамлекеттерде өздөрүнүн коопсуздугуна толук ишенгенде гана ошол мамлекеттерге саякатка барарын белгиледи.

"Бүгүнкү күндө облусубуздун аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдары тарабынан көзөмөлдөнүп турат. Жакынкы арада аймагыбызга эс алуучулардын кышкы туризмдин түрлөрүнө келиши күтүлүүдө. Демек, биздин негизги милдеттерибиздин бири – алардын коопсуздугун толук камсыз кылуу болуп саналат. Өзгөчө коронавирус илдети учурунда туристтер тарабынан Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан белгиленген талаптардын сакталышына жогорку көңүл бурулушу керек", - дейт Асанбаев.

Салтанаттын акырында Асанбаев жаңыдан милициянын лейтенант наамдарын алышкан кесиптештерин куттуктап, аларга кызматтагы ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, аталган кызмат бир жарым жылдын аралыгында, облуска келген меймандардын коопсуздугун камсыз кылууда бир катар иш-аракеттерди турмушка ашырып келишүүдө.

Пикир

Оставить комментарий