• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө туристтик сезон 18-майда ачылат жана эл аралык жарманке өтөт

Коом 0

Бишкек. 08.05.19 /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында Issyk-Kul International Tourism Fair-Exhibition - 2019 аттуу эл аралык туристтик көргөзмө өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Маданий иш-чара Туризм департаменти жана Ысык-Көл облустук администрациясы тарабынан уюштурулуп, 18-19-майда өткөнү жатат. Көргөзмө-жарманке Ысык-Көлдө туристтик сезондун расмий ачылышынын алкагында өтөт.

Көргөзмө-жарманкеде жакынкы жана алыскы мамлекеттердин туристтик агенттиктери, пансионаттары, өздөрүнүн кызматтарын сунуштайт. Андан сырткары, туризм тармагындагы инвесторлор, ишкерлер дагы катышат.

Ошондой эле бул иш-чаранын алкагында тегерек столдор өтүп, ал жакта туристтик агенттиктердик өкүлдөрү, инвесторлор, эксперттер кызматташуу маселелерин талкуулашмакчы.

Пикир

Оставить комментарий