• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ысык-Көлдө туристтик сезондо жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө күчөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 22.06.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда туристтик сезон учурунда жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө күчөтүлөт. Бул тууралуу Ысык-Көл облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

“Жайкы туристтик мезгил башталгандыгына байланыштуу, облустун аймагында автоунаалардын саны кескин түрдө көбөйүп, бул учурда жол кыймылынын
коопсуздугун натыйжалуу камсыз кылуу иштери талап кылынууда. Ысык-Көл облустук ИИБнин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн
курамы тарабынан жалпы жол кырсыктарынын санын жана анын оор кесепеттерин алдын алуу жана кыскартуу, унаа каражаттарынын айдоочулары
тарабынан жол кыймылынын эрежелерин бузуу учурларынын санын азайтуу максатында жол кыймылынын коопсуздугу багытындагы профилактикалык
мүнөздөгү “Ылдамдык” - “Руль башкаруу” (Скорость-За рулем) аталыштагы рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Аталган башкармалыктан билдиришкендей, аймакта катталган жол кырсыктарына терең талдоолор жүргүзүлүп, талдоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй жол кырсыктарынын көпчүлүк бөлүгү кечки жана түнкү учурларда болуп жаткандыгын эске алып, кызмат өтөөдө түнкү учурларга басым жасалган.

Иш-чараларды жүргүзүү учурунда, 10-июндан бүгүнкү күнгө чейин жол эрежесин бузган жалпы 847 айдоочу аныкталган, анын ичинен:

- мас абалында автоунаа башкарган − 39 айдоочу;
- ылдамдыкты ашырып айдаган − 543,
- автоунаа башкарууда тиешелүү документтери жок − 21,
- автоунаалардын терезелерин карангылатып айдаган − 8,
- автоунааны мамлекеттик белгиси жок башкарган − 5,

Ошондой эле, жол белгилерине баш ийбеген 38 жана башка жол эрежелерин бузган 193 айдоочу аныкталган. 43 автоунаа айып аянтчасына коюлган.

“Азыркы кырдаалга жараша жол тескөөчүлөр айдоочулар менен жүргүнчүлөр арасында коронавирус илдетинин жайылып кетишине жол бербөө максатында
санитардык нормаларды жана жеке коопсуздукту сактоо боюнча кеңештерин айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Жол кырсыктарын алдын алуу багытындагы рейддик иш-чаралар облустун баардык аймактарында жайкы туристтик мезгил учурунда, жол кырсыктарынын анализинин негизинде байма-бай уюштурулуп турмакчы”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий