• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө УКМК кызматкерлери үчүн 4 кызматтык үй курулду

Аймак 0

Бишкек, 03.11.21. /Кабар/. Инфраструктураны өркүндөтүү жана куруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында УКМК кызматкерлери үчүн тийиштүү шарттарды түзүү боюнча иштер улантылууда.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында 4 батирлүү кызматтык үйүнүн курулушу аяктап, 2021-жылдын 3-ноябрында пайдаланууга берилди.

Батирлерди пайдаланууга берүү аземинде КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, КР президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Руслан Мейматкулов, мамлекеттик комитеттин кызматкерлери жана ветерандары катышты.

Кызматтык үйлөрдүн курулушун подрядчы «Мега Профит» ЖЧКсы жүргүздү.

Пикир

Оставить комментарий