• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ысык-Көлдө УКМКнын төрагасынын кубогу үчүн спартакиада аяктады

Спорт 0

Бишкек, 06.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 6-сентябрда Ысык-Көл облусунда УКМКнын төрагасынын кубогу үчүн спорттун командалык түрлөрү боюнча жыл сайын өтүүчү республикалык спартакиада жыйынтыкталды.

УКМКдан билдиришкендей, иш-чара спорттун беш түрү: волейбол, футбол, баскетбол, шахмат жана стол үстүндөгү теннис боюнча өттү.

Спартакиаданын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө төраганын кубогу жана байгелер ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий