• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө УКТ мүчөлөрү бир катар уурулукка шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.11.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын февралдан октябрь айына чейинки аралыкта Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунан жана Каракол шаарынан банк мекемелеринен жана соода түйүндөрүнөн бир катар уурулук фактылары катталган.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 10-февралда белгисиз адамдар Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында жайгашкан "Мөл-Булак" микрокредиттик компаниянын имаратына эшигин сындырып кирип, 800 миң сомду түзгөн уюлдук телефондорду уурдап кетишкен.

"Ал эми 21-июлда ушул эле айылда жайгашкан "Бай-Түшүм" банкынын имаратынан терминалды сындырышып, анын ичиндеги 91 миң 250 сом акча каражатын чыгарып кетишкен. Сентябрь айында ушундай ыкма менен Каракол шаарындагы "Бакай-Банк" банктын терминалындагы акча каражатын алууга аракет көрүлгөн. Октябрь айында Каракол шаарынын соода түйүндөрүнөн бирдей ыкмада жасалган 3 уурдоо фактысы катталып, 50 миң сомдон ашык турган буюмдар уурдалган", - деп айтылат маалыматта.

Аталган фактылар аймактык ички иштер бөлүмдөрүнүн Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) жана Жоруктар жөнүндө кодексинин 90-беренелери (Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо) менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Ысык-Көл облустук милициясынын Криминалдык милиция кызматынын жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында аталган кылмыштарга шектүү адамдардын өздүктөрү аныкталып, колго түшүрүлгөн.

Ак-Суу районуна караштуу Бөрү-Баш айылынын 31 жаштагы А.А. атуу тургуну жана Чүй облусунун Лебединовка айылынын 35 жаштагы О.У. аттуу жашоочусу уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган.

Сот шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын карап, камакка алуу чечимин чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий