• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдө улгайган жарандар үчүн биринчи геронтологиялык кабинет ачылды

Аймак 0

Бишкек, 08.07.22. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Бостери айылында улгайган жарандар үчүн облустагы биринчи геронтологиялык кабинет ачылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, геронтологиялык кабинет "Кыргызское взморье" санаторийинде жайгашкан.

"Кабинет мамлекеттик социалдык заказ программасынын алкагында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин колдоосу менен "Бабушка Эдопшн" коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан ачылды", - деп айтылат билдирүүдө.

Геронтологиялык кабинеттин негизги артыкчылыгы — улгайган жана картайган адамдардын абалын гериатриялык баалоо, тактап айтканда, бул көп өлчөмдүү, көп тармактуу диагностика.

Кабинеттин адистери бейтаптын физикалык жана функционалдык абалына, эс тутумуна, эмоционалдык абалына баа беришет, тамактануу маселелери боюнча кеңеш беришет.

Бул кабинет улгайган адамдар үчүн медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн кыйла кеңейтет.

Пикир

Оставить комментарий