• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдө унаа даракты сүзүп, 3 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 27.02.19. /Кабар/. Каракол-Эңилчек унаа жолунун 4-чакырымында кечээ, 26-февралда болжол менен саат 19:25те жол кырсыгы катталган.

"ВАЗ-2106" үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып бакты сүзүп натыйжада 3 адам жабыркаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдиргендей, жерине барган куткаруучулар унаада кыпчылып калган айдоочуну чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркагандар тез жардам кызматынын унаасында Каракол шаардык ооруканасына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий