• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө унаа май куюучу жайды сүзүп алды

Кырсык 0

Бишкек, 14.02.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай май куюучу жайды барып сүзгөн, бактыга жараша жалын тутанган эмес. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 13-февралда болжол менен саат 14:20да еплоключенка айылынын Кыдыр-Аке көчөсүндө катталган.

Окуя болгон жерге КР ӨКМнин №39 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, өрт чыгып кетпеш үчүн коопсуздук иштерин жүргүзүшкөн.

Жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий