• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө унаа жолдон чыгып кетип, 5 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 13.02.19. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жол кырсыгы катталып, 5 адам жаракат алган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 12-февралда болжол менен саат 16:16лар чамасында Бөкөнбаев айылынан Коргонду-Булак айылына баруучу унаа жолдун 13-чакырымында Нива үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдон чыгып кеткен.

Кырсыктан жабыркаган 5 адам райондук ооруканага жеткирилген. Абалдары жакшы.

Пикир

Оставить комментарий