• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ысык-Көлдө унаалардын тетиктерин уурдап жүргөндөр кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.08.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө автоунаалардын тетиктерин уурдоо менен алектенген топ кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өткөн айдын орто ченинде Каракол шаарынын аймагында оор жүк ташуучу автоунаалардын тетиктерин уурдоо учурлары катталган.

Атап айтканда, 17-июлдан 20-июлга чейинки аралыкта Каракол ШИИБге төрт жергиликтүү тургункайрылып, белгисиз адамдар алардын оор жүк ташуучу унааларынын ар кандай тетиктерин уурдап кеткенин билдиришкен. Уурдоо кылмышынын кесепетинен жабырлануучуларга жалпысынан 47 миң сомдук материалдык зыян келтирилген.

Аталган фактылар Каракол ШИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси ("Урдоо") менен кылмыш иштери козголгон.

Жакында Каракол ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери жүргүзгөн иликтөө иштеринин натыйжасында аталган кылмыштарга тийиштиги бар жарандардын өздүгү аныкталып, колго түшүрүлгөн. Алар Ак-Суу районунун тургундары 34 жаштагы А.С., М.М. жана Жети-Өгүз районунун 25 жаштагы тургуну У.Н. экени белгилүү болгон. Алгачкы суракта алар күнөөлөрүн толугу менен моюнуна алышып, алардан далил заттар алынган.

Шаардык соттун чечими менен М.М.ны эки айга камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынса, калган шектүүлөр үй камагына чыгарылган.

Учурда кылмыш ишинин алкагында шектүүлөрдүн башка ушундай кылмыштарга тийиштиги бар, же жогу текшерилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий