• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө автоунааны айдап качып, дүкөндөрдү тоногон адам кармалды (фото, видео)

Укук тартиби 0


Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда автоунааны айдап качкан шектүү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 4-февралда болжол менен саат 01.45 чамасында Тоӊ РИИБинин нөөмөт бөлүмчөсүнө 29-жаштагы Бөкөнбаев айылынын тургуну О.Нуркамил кайрылган.

Ал 3-февралдан 4-февралга караган түнү болжол менен саат 23.55 чамаларында белгисиз адамдар үйүнүн алдында токтоп турган «ВАЗ-2121» үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз тарапка айдап качып кеткендиги тууралуу билдирген.

Аталган факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Жазык кодексинин 206 (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Көрүлгөн тергөө-ыкчам иштердин натыйжасында, болжол менен 3 сааттан кийин милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштын бети ачылып, шектүү катары 26 жаштагы Бөкөнбаев айылынын тургуну, 2018-жылы уурдоо үчүн шарттуу түрдө кесилген Т. уулу Сыргак кармалды.

Териштирүү учурунда кармалган Т. уулу Сыргак Бөкөнбаев айылынан автоунааны айдап качкандан кийин, Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы дүкөнгө кирип, 8 мобилдик телефон жана Тосор айылынын дүкөнүнөн азык-түлүктөрдү уурдагандыгы аныкталды. Далил зат катары кылмышка шектүү адамдан уурдалган буюмдар алынды.

Жети-Өгүз районунда уурдоо фактысы боюнча тийиштүү материалдар чогултулуп, райондук милицияга берилди.

Кылмышка шектүү адам Тоӊ РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий