• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө ууланган чет элдик спортчулар кикбокс боюнча Азия чемпионатына катышат

Спорт 0

Бишкек, 08.05.18. /Кабар/. Ысык-Көлдө ууланган чет элдик спортчулар кикбокс боюнча Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине уюштуруучулар билдирди.

Эске салсак, “Аврора” санаторийинде 18 адам ууланган, алардын 7ө – чет элдик спортчулар (бирөө ирандык жана алтоо Араб Эмираттары). Учурда алардын абалы туруктуу деп бааланууда. Алар дарыгерлердин кароосуна өтүп жатышат. Алгачкы жардамды бардыгы алышты.

Уюштуруучулардын айтуусунда, спортчулар өздөрүн жакшы сезип жатышат жана жабыркагандардын бардыгы турнирге катышууга белсенип жатышат.

Чолпон-Атада 8нен 11-май күндөрү кикбокс боюнча Азия чемпионаты өтөт. Ага дүйнөнүн 14 өлкөсүнөн келген спортчулар катышат. Турнирде – Германия, Италия, Египет, Иордания, Иран, Иран жана Мароккодон келген судьялар калыстык кылышат.

Пикир

Оставить комментарий