• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө уурулукка шектелип, Чүй облусунун тургуну кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.02.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө уурулукка шектелип, Чүй облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

2021-жылдын 7-декабрында Каракол ШИИБине жергиликтүү тургун кайрылып, белгисиз адамдар үйүнө кирип, 50 миң сом акчасын жана 40 кг этин уурдап кетишкендигин билдирген.

Ошол эле күнү, шаардык милицияга дагы бир жаран кайрылып, белгисиз адамдар үйүнүн терезеси аркылуу кирип, 51 миң сом акчасын уурдап кеткендиги жөнүндө кабарлаган.

Аталган фактылар Каракол ШИИБнин КБРне катталып, кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иштери козголгон.

Жакында, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, шаардык милициясынын кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан аталган кылмыштарга шектүү катары Чүй облусунун 32 жаштагы тургуну С.Н. кармалып, тергөө кызматына өткөрүп берилди.

Тергөө тарабынан шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар, же жогун текшерүүдө.

Пикир

Оставить комментарий