• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдү узунунан сүзүп рекорд койгон Владислав Шулико ЖМКга ыраазычылык билдирди

Спорт 0

Бишкек, 01.09.21. /Кабар/. Кыргызстандык суучул Владислав Шулико Бишкектеги маалымат жыйын учурунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көлдү узунунан сүзүүнү чагылдырууда ЖМК өкүлдөрү эгебейсиз эмгек жасады.

“Колдоо көрсөткөндүгүңүздөр үчүн ыраазымын. Сиздер бир гана менин сүзгөнүмдү эмес, Ысык-Көлдүн кооздугун да чагылдырдыңыздар”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Владислав Шулико 181 чакырымга созулган Ысык-Көлдү узунунан сүзүп жаңы рекорд койгон. Ал 22-августта Ысык-Көлдүн Каракол шаарынан баштап сүзүп, 27-августта саат 15:30дар чамасында Балыкчы шаарындагы “Алия” эс алуу жайына келген.

Президент Садыр Жапаров 27-августта алты күндө Ысык-Көлдү сүзүп өтүп рекорд коюшу менен кыргызстандык суучул Владислав Шуликону телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда куттуктаган.

Пикир

Оставить комментарий