• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдө волейбол боюнча Азия чакырык кубогу өтөт

Спорт 0

Бишкек, 09.06.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө эркектер арасында волейбол боюнча Азия чакырык кубогу өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Спорттук иш-чара 18-25 июнь күндөрү Чолпон–Ата шаарынын «Газпром» ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде өтөт.

Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Непал, Пакистан жана Ирандын улуттук курамалары катышат.

Пикир

Оставить комментарий