• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө өзбекстандык туристтерди тоногон уурулар кармалды

Коом 0

Бишкек, 09.08.18. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында Өзбекстандан келген туристтерди тоногон уурулар кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-июлда милицияга Өзбекстандын 60 жаштагы Долорес Кан, 62 жаштагы Екатерина Ли жана 51 жаштагы Инна Кан аттуу жарандары кайрылышкан.

Аялдар жеке сектордо эс алып жатышкан. Алар көлгө түшүүгө кетишкенде белгисиз адамдар алардын коттеджине кирип, “Samsung А5”, “Samsung S4” телефондорун жана 2 iPad, 660 доллар өлчөмүндөгү акчасын уурдап кетишкен

Уурулукка шектелип 36 жаштагы Т. уулу Жыргалбек жана 22 жаштагы Ж. уулу Арген кармалган. Милициянын маалыматына караганда, кармалгандар уурулукту мойнуна алышкан.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда ыкчам кызматкерлер кармалган жарандардын ушул кылмышка окшош башка окуяларга катыштыгы бар же жок экендигин текшерүүдө.

Пикир

Оставить комментарий