• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип УКТ мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип, УКТнын мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

2020-жылдын сентябрь айында Балыкчы шаардык милициясына жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, каржы пирамидасы боюнча элдер ызы-чуу болуп жаткан учурда анын ишине эки чала тааныш балдар келишип, эгерде милиция алардын каржы уюмунан акча каражаттарды конфискация кылышса, кардарларыңарга кайра кайтарып бере албай каласыңар дегендиктен кассадан 6 миллион 4 миң 400 сомду аларга берип, кайра кайтара албай калгандыгын билдирген.

Аталган факты Балыкчы шаардык милициясынын КЖБРне катталып, алдамчылык кылмышы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жакында шаардык милициянын ЭММКАКнын ыкчам кызматкерлери тарабынан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү жарандын өздүгү аныкталып кармалды. Ал мурда соттолгон, КР ИИМдин атайын каттоосунда УКТнын мүчөсү катары турган 27 жаштагы жергиликтүү тургун С.К. болуп чыкты.

2022-жылдын 1-февраль күнү Балыкчы ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан шектүү жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") боюнча айыбы угузулуп, соттун кароосуна жиберүү үчүн кылмыш иши шаардык прокуратурага жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий