• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ысык-Көлдө өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу аракети текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 05.02.21. /Кабар/. Ысык-Кѳл районунун 2021-жылга түзүлгөн Жарандык коргонуу боюнча даярдык планынын негизинде, Ысык-Кѳл районунун Тамчы айыл аймагында комплекстүү текшерүү болуп ѳттү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн максаты Тамчы айыл аймагындагы Жарандык коргонуу иштеринин абалын кѳзѳмѳлдѳѳ, калкты жана аймактарды табигый жана техногендик мүнѳздѳгү ѳзгѳчѳ кырдаалдардан коргоо боюнча иш-чаралардын аткарылуусун, чукул кырдаалдар келип чыкканда Тамчы айыл аймактык ЖК башкаруу органдарынын, ЖК түзүмдѳрүнүн күчтѳрүнүн жана каражаттарынын кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүгѳ даярдык абалын текшерүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий