• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө жаңы жыл майрамы тынч өттү, коомдук тартип бузулган жок

Аймак 0

Бишкек, 01.01.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда Жаңы жыл майрамы тынч жана коомдук тартип бузулбастан өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызмат билдирет.

Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чаралар өткөрүлгөн бардык коомдук жайлар милиция кызматкерлери тарабынан кылдаттык менен кайтарылып, ар кандай укук бузууларга жол берилген жок.

31-декабрдан 1-январга караган түнү ысыккөлдүктөрдүн жана меймандардын тынчтыгын 700гө жакын милиция кызматкерлери жана ыктыярдуу элдик кошуундардын 100дөн ашуун өкүлдөрү камсыз кылышты. Массалык иш-чаралар өткөрүлгөн жерлерде өзгөчө кырдаал жана коомдук тартипти одоно бузуу фактылары катталган жок.

Облустун ички иштер бөлүмдөрүнүн нөөмөт бөлүкчөлөрүндө кылмыштар жана окуялар боюнча 19 билдирүүлөр жана арыздар, жол кырсыгынын 4 фактысы катталып, анда негизинен материалдык чыгым келтирилген. Милиция кызматкерлеринин көрүлгөн иш-аракеттеринен улам, мурда катталган 4 кылмыштын бети ачылды.

Учурда Ысык-Көл облусунун аймагында кырдаал туруктуу, милиция кызматкерлери тартипти сактоо, кылмыштуулукка бөгөт коюу жана анын бетин ачуу максатында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. Ысык-Көл ОИИБи облустун тургундарын жана меймандарын кыраакы жана жоопкерчиликтү болуу менен, укук бузууларга жол бербөөнү, ошондой эле, жол эрежелеринин талаптарын тыкыр аткарууну жана жолдо сергек болууну эскертишет.

Бардык кылмыштар же окуялар жөнүндө маалыматтарды жакынкы милициянын нөөмөт бөлүкчөсүнө, же болбосо "102" телефонуна аркылуу кабарлаңыздар.

Пикир

Оставить комментарий