• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө жайлоодо жоголгон казакстандык турист кыздын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 01.08.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жоголгон казакстандык турист кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 15-июлунда Россиядан келген 5 турист (бир үй-бүлө, үчөө РФнын, экөө Казакстандын жарандары болгон) эс алып жүрүп, алардын ичинен 1992-жылы туулган К.В. аттуу кыз дайынсыз жоголуп кеткен. Издөө иштеринен натыйжа болгон эмес.

"Бүгүн Ала-Көл жайлоосундагы Каракол суусунда белгисиз адамдын сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 6 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Табылган адамдын жансыз денеси 1992-жылкы К.В. аттуу кыз экендиги аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий