• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө жана Жалал-Абадда алкоголдук продукцияны мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 17.02.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматы менен биргеликте рейддик иш-чаралардын негизинде Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында алкоголдук продукцияны ишкердикке тийиштүү лицензиясы жок сатуу фактысы аныктады. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Тактап айтканда, Жалал-Абад шаарындагы дүкөндөрдүн биринде ар кандай ассортименттеги 800 бөтөлкө спирт ичимдиги, ал эми Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда 101 бөтөлкө табылып тартып алынды.

Азыркы учурда сотко чейинки териштирүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий