• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдө жаран жоголгон малын издөө үчүн камышты өрттөгөн

Аймак 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө жаран жоголгон үч баш малын издөө үчүн камышты өрттөгөн. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-февралда саат 15:00дөр чамасында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери Тоң районуна караштуу Боз-Бармак участкасында кайгуул кызматын өтөп жатышканда көлдүн жээгиндеги камыш күйүп жатканын байкашкан.

Аталган факты боюнча өрт өчүрүү кызматына билдирүү берилген. Окуя болгон жерге келишкен өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлери, милиция кызматкерлери тарабынан көрсөтүлгөн жардамы менен өрттү өчүргөн. Орун алган өрт болжол менен бир гектардан ашык аянттагы камышты жок кылган.

Туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан камышты өрттөгөн жаран аныкталды. Балыкчы шаарынын 62 жаштагы М.Д. аттуу тургуну өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Анын айтымында, үч бодо малы камыштын ичине кирип кетип, жоголгон. Аларды издөө максатында камыштарга өрт койгон.

Аталган факты боюнча юридикалык баа берүү үчүн, материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий