• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлдө жарым жылдын ичинде 200дөн ашык кылмыштын бети ачылды

Аймак 0

Бишкек, 20.07.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда жарым жылда 238ден ашуун кылмыштын бети ачылган. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, облустун аймагында 22 атайын коддук операция жүргүзүлгөн.

“Натыйжада 145 башка бирөөнүн мүлкүн уурдоо, 16 мал уурдоо фактысы, 12 тоноочулук, 1 киши өлтүрүү жана каракчылык, 3 зордуктоо, 2 опузалап коркутуу, 2 транспортту мыйзамсыз түрдө ээлеп алуу жана башка кылмыштардын бети ачылган. 29 баңгизат кылмышы аныкталып, издөөдө жүргөн 39 кылмышкер кармалган. Дайынсыз жоголгон 11 адамга издөө жарыяланып, каза болгон эки адамдын өздүгү такталган”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий