• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ысык-Көлдө жасалма доллар менен соода кылып жүргөн шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.12.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда жасалма доллар менен соода кылып жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, Жети-Өгүз райондук милициясына Кызыл-Суу жана Дархан айылдарынын тургундары арыз менен кайрылышкан. Анда 23-ноябрдан 26-ноябрына чейин белгисиз адам дүкөндөгү соодасы үчүн 100 доллар берген. Ал эми калдыгын сом менен алган. Кийинчерээк 100 доллар жасалма экендиги аныкталган. Ошондой эле Каракол шаарында 20-ноябрда белгисиз адам дүкөндөн сыра ичимдигин жана чипсы сатып алып, жасалма 100 доллар менен төлөп, калдыгын сом менен алган.

Аталган фактылар Жети-Өгүз райондук жана Каракол шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 225-беренесинин 1-бөлүгү (Жасалма акча белгилерин, металл тыйындарды, баалуу кагаздарды же чет өлкөлүк валютаны же чет өлкөлүк валютадагы баалуу кагаздарды сатуу максатында жасоо же болбосо сатуу максатында сактоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жети-Өгүз райондук милиция кызматкерлери аталган кылмышка шектүү адамдын өздүгүн аныкташып, колго түшүрүштү. Ал Бишкек шаарынын 29 жаштагы Э.Б. аттуу тургуну болуп чыкты.

Алгачкы суракта шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Шектүүнүн айтымында, 5 миң жасалма чет мамлекеттик валютаны 2 миң АКШ долларына сатып алган. Кийин дүкөндөрдөн жасалма акча менен майда соода кылып, сом менен калдыгын алып жүргөн.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында милиция кызматкерлери тарабынан калган жасалма акча каражаттары каяктан, канча өлчөмдө келгендигин жана кандай жол менен жасалгандыгын аныктоо боюнча ыкчам тергөө иштери жүрүүдө.

Жети-Өгүз райондук милициясы жарандардан жогорудагы кылмышка шектелген адам соодасы үчүн жасалма 100 доллар төлөп кеткен болсо, анда райондук милицияга кайрылууну же 0700058999, "102" телефондору менен байланышууну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий