• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдө жаш дарыгерлер үчүн жатакана курулууда

Аймак 0

Бишкек, 11.12.20. /Кабар/. Ысык-Көлдө жаш дарыгерлер үчүн жатакана курулууда, - деп билдирет өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, облус башчысы Элчибек Жантаев дарыгерлер үчүн курулуп жаткан жатакананын курулуш иштери менен таанышты.

Облустук бириккен оорукананын жетекчилигинин айтымында, жатакана 14 чакан үй-бүлөгө ылайыкташтырылган.

Курулушка Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун каражаттарынан сатып алууга 1 млн600 миң сом бөлүнүп, 724 миң сом жумшак жана катуу инвентарларды алуу каралган.

Пикир

Оставить комментарий