• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө жаш өспүрүмгө карата ыплас аракеттерди жасоого шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.08.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө жаш өспүрүмгө карата ыплас аракеттерди кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-июлда Балыкчы шаардык милициясына жергиликтүү тургун кайрылып, белгисиз жаран анын 9 жаштагы кызына карата адепсиз жоруктарды жасаганын билдирген.

Арыз ээсинин айтымында, ошол күнү саат 18:30дар чамасында белгисиз жигит кызын көп кабаттуу үйлөрдүн бирине алып келип, жаш өспүрүмгө карата жыныстык катнашсыз ыплас аракеттерди жасап, өтүп бараткан адамдарды көрүп калганда белгисиз тарапка качып кеткен.

Аталган факт Балыкчы шаардык милициясына каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси ("Ыплас аракеттер") менен кылмыш иш козголгон.

Жаш өспүрүмдү мыйзамдуу өкүлдүн катышуусунда сураганда, кыз милиция кызматкерлерине аны токтоткон жигит болжол менен 25-30 жаштардагы, толмоч, спирт ичимдиги менен жыттанганын айткан.

Аталган кылмыштын бетин ачуу максатында атайын тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, ал эми шаардык милициянын тышкы кызматтарынын өздүк курамы мурда соттолгон жана ыкчам кызыкчылык туудурган жарандарды текшере баштаган.

Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү жаран аныкталып, кармалган. Ал Нарын облусунун тургуну, шаардагы эс алуу үйлөрдүн биринде келишимдик негизде иштеген 28 жаштагы Т.К. болуп чыкты.

Шаардык соттун чечими менен шектүүгө карата тергөөнүн жүрүшүндө 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Белгиленгендей, учурда тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий