• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө «Жаштар экстремизмге жана терроризмге каршы» аттуу форум өттү

Аймак 0

Бишкек, 03.12.19. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда «Жаштар экстремизмге жана терроризмге каршы» аттуу форум болуп өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган форум өткөн жумада Каракол шаарында ИИМдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын жана Ысык-Көл облусунун ИИБнин демилгеси менен өткөрүлгөн.

Форумда жаштар арасындагы диний экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу, мамлекттик органдардын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана коомдук бирикмелердин диний экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуудагы кызматташтыгы жөнүндө маселелер каралып, катышуучулар тарабынан кызуу талкууга алынды.

Ошондой эле форумдун катышуучулары экстремизм жана терроризм тууралуу баяндамаларды жасашып, жыйынтыгында Резолюция кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий