• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өткөрүүгө даярдык көрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 09.04.21. /Кабар/. Ушул жылдын 11-апрелинде өтө турчу жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча уюштуруу иштерине байланыштуу штабдын жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум өткөрүүгө 59 айылдык, 3 шаардык, жалпы 62 жергиликтүү кеңешке шайлоо өткөрүлөт.

Бүгүнкү күндө облус боюнча 250 шайлоо участкалары жана шайлоочулардын такталган саны боюнча: референдумга - 311 миң 538, жергиликтүү кеңешке 297 миң 500 адам катышат.

“Облус жетекчилиги тарабынан шайлоо комиссияларынын материалдык-техникалык жабдууларын шарттап берүү, шайлоо участокторун электр энергиясы жана кошумча электр энергия булагы менен камсыздоо, өрт коопсуздугуна карата текшерүүлөрдү жүргүзүү, алыскы өрөөндөрдө жайгашкан шайлоо участокторуна баруучу жолдорду өз убагында тазалоо, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүү күчөтүү жана коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча тапшырмалар коюлду”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий